"Telia" компаниясынын мурдагы жетекчилеринин иши боюнча Стокгольмдо өтүп жаткан сотто айыпталуучулардын бири Ули Туиманын адвокаты Өзбекстан премьер-министри Абдулла Ариповду күбө катары суракка чакырууну өтүндү.
Туима Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримовага өлкөдөгү телекоммуникациялык рынокко кирүү үчүн 400 миллион доллар пара берген деп айыпталууда.
Анын адвокаты Ханс Станберг Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов ошол маалда маалымат жана телекоммуникация тармагын көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр болуп иштегенин билдирди.
Стокгольмдо Өзбекстандын мурдагы президентинин тун кызы Гүлнара Каримовага ири өлчөмдө пара берүү боюнча сот иши 4-сентябрда башталган. Бул иш боюнча аталган компаниянын мурдагы аткаруучу директору Ларс Нюберг, мурдагы каржы директору жана вице-президенти Теро Кивисаари, ошондой эле анын мурдагы башкы кеңешчиси Ули Туима айыпталууда.
Териштирүү 5-6 айга созулат. 11-14-декабрда Стокгольм сотунда прокурорлор менен адвокаттардын акыркы сөздөрү айтылып, өкүм 2019-жылдын январь-февраль айларында чыгаары күтүлүп жатат.