Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Ош: Төртүнчү кабаттан бой таштаган келиндин баласынын абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто төртүнчү кабаттан колундагы алты айлык ымыркайы менен кошо бой таштаган аялдын абалы орточо. Ал эми баласы дагы эле оор.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, аялдын жамбаш сөөгү сынып, мээси чайкалган. Ымыркай башынан жараат алган. Дарыгерлер окуя болгон учурда аял мас болгонун, ымыркайдан тышкары анын башка да балдары бар экенин айтып жатышат.

Кырсык 6-сентябрдын кечинде Оштогу жатакана тибиндеги үйлөрдүн биринде болгон.

Милиция келин Кара-Балта шаарынан Ошко конокко барганын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG