Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:53

ДКО-2018: Кыргызстан биринчи орунда келе жатат


Көчмөндөр оюндары Кырчын жайлоосунда жана Чолпон-Ата шаарында өтүүдө.
Көчмөндөр оюндары Кырчын жайлоосунда жана Чолпон-Ата шаарында өтүүдө.

Кыргызстандын улуттук курама командасы Көчмөндөр оюндарынын 5-күнүндө биринчи орунда турат.

Азыркы убакытка алган эсеп боюнча өлкө куржунунда жалпы 78 медаль бар. Анын 30у алтын, 25и күмүш, 23ү коло.

Экинчи орунга Орусия командасы 43 медалы (16 алтын, 9 күмүш, 18 коло) менен чыкты. Үчүнчү орунда Казакстан 49 медалы менен келе жатат, анын 11и алтын, 17си күмүш, 21и коло.

Алдыңкы ондукта Түркмөнстан (23 медаль), Венгрия (12 медаль), Иран (12 медаль), Өзбекстан (25 медаль), Украина (9 медаль), Монголия (8), Түркия (6) жана Азербайжан (14) командалары турат. (AsM)

XS
SM
MD
LG