Компаниянын бүгүнкү жарыясына караганда, хакерлер алардын 380 миңдей кардарынын кредиттик карталары боюнча маалыматтарды уурдап кетүүгө жетишкен.
British Airways эки апта аралыгында уланган хакерлик чабуул учурунда кардарлардын паспорт маалыматтары, кайсыл тарапка саякаттай турганы камтылган база бузулбаганын маалымдады.
Белгисиз хакерлердин тобу маалымат уурдоо боюнча аракеттерди 21-августан 5-сентябрга чейинки аралыкта көрүшкөн.
British Airways компаниясынын башчысы Алекс Круз бул алардын маалымат базасынын акыркы жыйырма жылдагы эң ири бузулушу экенин белгилеп, кардарлардан кечирим сурады.
Британиянын Кылмыш боюнча улуттук агенттиги хакерлер чабуулунан кабары барын жана жооп чаранын эң туура багытын аныктоо үстүндө иштеп жатканын билдирди. (UE)