Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:14

Кыргызстандык жаш режиссёр Казанда өткөн фестивалда баш байге алды

Аскар Нуракун уулу. Сүрөт www.kyrgyzcinema.com сайтыныкы.
Аскар Нуракун уулу. Сүрөт www.kyrgyzcinema.com сайтыныкы.

Орусиянын Казан шаарында өткөн жаш режиссёрлордун тасмалары көрсөтүлгөн эл аралык кинофестивалдын башкы байгесин кыргызстандык Аскар Нуракун уулу алды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна киносынчы Гүлбара Төлөмүшова билдирди.

Фестивалдын гран-присин анын "Киноман" тасмасы алды.

Буга чейин аталган тасма бир нече эл аралык фестивалдарды жеңип, улуттук "Ак илбирс" сыйлыгын да алган.

Аскар Нуракун уулу 27 жашта, ал "Курманжан датка", "Көк бөрү" тасмаларын тартууга катышкан. (BCh).

XS
SM
MD
LG