Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Милиция: Төртүнчү кабаттан секирген келин мурда да жанын кыюуга аракеттенген


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто жети айлык ымыркайы менен кошо төртүнчү кабаттан бой таштаган келин мурда да өз жанын кыюуга аракет жасаган. Бул тууралуу бүгүн Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

- Өзү Алай районунан болот экен. Чүйгө турмушка чыгып, үч балалуу болгон. Үй-бүлөсүндөгү келишпестиктен улам эки баласын таштап, кичүү жети айлык баласы менен август айынан бери Ош шаарында эжесинин үйүндө жашап жаткан. Күбөлөрдүн айтымында, акыркы кезде алкоголдук ичимдиктерге берилип жүргөн жана ошол күнү да ичкен.

Сыдыковдун айтымында, 40 жаштагы келинди буга чейин да кошуна жатаканадан боюн таштоого аракет кылган жеринен алып калышкан.

Окуя 6-сентябрда кечке жуук болду. Азыр келин да, ымыркайы да ооруканада. Аялдын жамбаш сөөгү сынып, мээси чайкалган. Бала башынан жараат алган. (MdN)

XS
SM
MD
LG