Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Кырчын: таштанды жыйноого 500дөн ашуун киши тартылды


Бүгүн, 8-сентябрда Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары жыйынтыкталат. Оюндарды уюштурган катчылыктан билдиришкендей, бул күнү Чолпон-Ата шаарындагы ден соолукту чыңдоочу комплексте тогуз коргоолдун, мангала жана овари оюндарынын 7-туру болот жана Көчмөндөрдүн улуу күрөшү өтөт. Ал эми 20:00 Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи өтөт.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурган катчылыктын төрагасынын орун басары Айжан Абдесованын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, Кырчын жайлоосундагы этношаарчанын иши жыйынтыкталып, андагы таштандыларды тазалоого 500дөн ашуун киши тартылды. Алардын басымдуу бөлүгү Көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылары. Мындан сырткары жайлоону тазалоо иштерине “Тазалык” муниципалдык ишканасы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тартылды.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда ачылган этношаарчада 3-6-сентябрь күндөрү Этнобазар, Хан ордо, чет элдик катышуучулардын жана коомдук бирикмелердин ордолору, Пресс-ордо иштеп жатты. Кыргызстандын жети облусунун жана Бишкек, Ош шаарларынын ордолору да конок тосту.

Жалпысынан Кырчын этношаарчасында миңдей боз үй тигилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG