Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Абактагылардын дарылануу укугу текшерилип жатат

Акыйкатчы институту абактагылардын дарылануу, медициналык каражаттарды алуу мүмкүнчүлүктөрүнө мониторинг жасайт. Аталган мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, ага көз карандысыз дарыгерлер да тартылды. Жыйынтыгында Акыйкатчы институту абалды жакшыртуу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштарды жөнөтөт.

Учурда мындай иштер 10, 8, 16, 27, 1, 31, 3-абакта жүргүзүлдү. Өзгөчө кургак учук, ВИЧ/СПИД, гепатиттин В, С түрү менен ооругандардын дарылануу мүмкүнчүлүгү, оорулардын алдын алуу шарттарына көңүл бурулду.

Маалыматта абактагылардын айрымдары дарылануудан баш тартып жатканы да белгиленген.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 15 миңдей адам абакта. Басымдуу бөлүгү Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык”, “уурулук”, “алдамчылык” жана “маңзатты мыйзамсыз сатуу жана сактоо” беренелери боюнча соттолгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG