Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:32

АКШ: Сириядагы химиялык чабуулга даярдык боюнча "көптөгөн далил" бар


Сириянын өкмөттүк аскерлери Идлиб провинциясында химиялык курал колдонууга даярданып жатканы боюнча АКШда “көптөгөн далилдер” бар. Бул тууралуу АКШнын Сирия боюнча жаңы чабарманы Жим Жеффри билдирди.

Reuters маалымдагандай, дипломат кеп кайсы далилдер туурасында жүрүп жатканын так айткан эмес. Ал Идлибге кол салуунун баарын Вашингтон “ойлонулбаган эскалация” катары баалай турганын белгилеген. Буга чейин Ак үй эгер Асаддын күчтөрү Идлибге кол салуу учурунда химиялык курал колдонсо, АКШ жана анын тарапташтары “ыкчам жана чечкиндүү” жооп кайтарарын эскерткен.

Бүгүн, 7-сентябрда Тегеранда Идлибдеги кырдаалга арналган Орусия, Иран жана Түркиянын жолугушуусу өтөт.

Идлиб –Башар Асадга каршы турган оппозициялык куралдуу топтордун акыркы таянычы. Эл аралык коомчулук Орусия колдогон Сирия аскерлери бул провинцияда химиялык курал колдонушу ыктымал деп кооптонууда. БУУ миллиондогон качкындар жана карапайым эл жашаган аймакта гуманитардык катастрофа болорун эскертип, Орусия, Иран жана Түркияны аскер операциясын болтурбоого чакырган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Пентагон Асадга каршы аскер операциясын баштоо үчүн “кутум” уюштуруп жатканын бир нече ирет билдирген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG