Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:05

Валентина Матвиенко менен Ким Чен Ын Пхеньянда жолугушту


Валентина Матвиенко
Валентина Матвиенко

Федералдык кеңештин спикери Валентина Матвиенко Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушту. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги жазды. Матвиенконун айтымында, түндүк кореялык лидер Орусияга келүүгө даяр экенин ырастаган. Дипломаттар жолугушуунун ордун жана убактысын тактоого киришти.

Маалыматта айтылгандай, Ким Чен Ын иш гарифиги тыгыз болгонуна байланыштуу октябрь айында Владивостокто өтө турган Чыгыш экономикалык форумуна катыша албайт. Буга чейин аны ушул жыйынга Орусия президенти Владмир Путин чакырган.

Федералдык кеңештин делегациясы Пхеньянга 7-сентябрда барган. Сапары 10-сентябрга чейин уланат. Матвиенко Корей Элдик Демократиялык Республикасынын негизделгенинин 70 жылдык мааракесине Орусиянын атынан катышат.

Ким Чен Ын менен алгачкы жолу жолуккан орус бийлигинин өкүлдөрүнүн бири тышкы иштер министри Сергей Лавров болгон. Алардын жолугушуусу май айында Пхеньянда өткөн.

XS
SM
MD
LG