Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:06

ЖК фракциялары акыйкатчы кызматына талапкер сунуштай элек


Бишкекте аялдардын укуктарына арналган акция.
Бишкекте аялдардын укуктарына арналган акция.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети акыйкатчы шайлоонун мөөнөтү аныктала электигин “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда, фракциялар талапкерди толук сунуштап бүтө элек. Фракция жана комитет өкүлдөрү жайкы эс алууга байланыштуу бул маселе каралып, талкуулана электигин билдиришти. Депутат Асел Кодуранова бул маселе 11-сентябрда комитет жыйынында каралышы ыктымалдыгын “Азаттыкка” айтты.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов акыйкатчыны шайлоо боюнча мыйзамдар бузулуп жатканын айтты:

- Конституцияда мамлекет бир айдан ашуун убакыт омбудсменсиз болбошу керек деп турат. Биз эки айдан ашуун убакыттан бери шайлабай жатабыз. Конституция эс алуу, каникулдан да жогору туруш керек. Кезексиз жыйынга чогулушу керек болчу.

Буга чейинки акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Акыйкатчылыкка талапкерлерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтүп, жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен тандап алышат.

Буга чейин акыйкатчынын аппараты мекеменин жетекчилигине юридикалык бөлүмдүн башчысы Урмат Аралбаевди, Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы акыйкатчылык кызматка талапкер катары Канатбек Азизди сунуш кылган. Мындан сырткары укук коргоочу, жарандык активист Рита Карасартова акыйкатчылык кызматка баруу ниетин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG