Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:08

Трамптын шайлоо штабынын мурдагы кеңешчиси 14 күнгө камалды


АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы кеңешчиси Жорж Пападопулос 14 күнгө камалды. Сот аны 2016-жылдагы шайлоого Орусиянын кийлигишүүсү боюнча ишти тергөөдө Федералдык тергөө бюросуна жалган көрсөтмө берген деп тапты. Пападопулос 2017-жылы 27-январда көрсөтмө берген. Ал орусиялык өкүлдөр менен байланышын жашырууга аракет кылган.

Былтыр Пападопулос ФБРге калп айтканын мойнуна алып, тергөө менен кызматташа баштаганы кабарланган.

Буга чейин атайын прокурор Роберт Мюллер Пападопулосту эркинен ажыратып, алты айдан кем эмес убакытка абакка отургузууну сотко сунуштаган.

XS
SM
MD
LG