Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

“Өспүрүм” рейди учурунда беш окуучу кармалды


Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун санын азайтуу, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Жалал-Абад шаарында “Өспүрүм” деп аталган рейд өткөрүлдү. “Балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу чаралары жөнүндө” мыйзамга ылайык өспүрүмдөрдүн түнкүсүн белгиленген убакыттан кийин улуулардын коштоосу жок көчөгө чыгуусу көзөмөлдөндү.

Үч күндүк рейд маалында шаардын көчөлөрү, интернет-клубдар, көңүл ачуучу жайлар текшерилип, беш өспүрүм кармалды. Аларга жана ата-энелерине эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жалал-Абад шаарында 37 725 өспүрүм жашайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG