Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Башкы прокуратура Гуревичтин айткандары боюнча маалымат берет


Башкы прокуратуранын имараты.
Башкы прокуратуранын имараты.

Башкы прокуратура Евгений Гуревичтин айткандары боюнча Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде маалымат берет. Бул маселе парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 11-сентябрдагы жыйынынын күн тартибине кирди. Анда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов маалымат берери белгиленген.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин алардын финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич жакында “Азаттык” менен маегинде билдирген. Гуревич 2015-жылы Кыргызстандын прокуратурасынын өкүлдөрү Алабамага келип, аны менен жолукканын айткан.

Ошондой эле ал Бакиевдер Кыргызстандан чыгарып кеткен миллиондор тууралуу көрсөтмө берүүгө даярдыгын айтып кызматташууну сунуштаганын, бирок кыргызстандык прокурорлор аны менен жолуккандан кийин такыр байланышка чыкпай койгонун билдирген.

Ушундан кийин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Евгений Гуревичтин айткандары боюнча териштирүү жүргүзө баштаганын кабарлаган. (КЕ)

Гуревич: Бакиевдер 200-300 млн. доллар уурдаган
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:30 0:00

XS
SM
MD
LG