Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:29

Адам сатууга каршы өнөктүк "Жаштар колдойт" деген ураан алдында өтөт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда 10-сентябрда "Жаштар колдойт" деген ураан менен адам сатууга каршы 100 күндүк маалымат өнөктүгү башталат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги менен жаштардын отуз уюму бирге уюштуруп жаткан акция 10-декабрга чейин уланат. Ага бир канча эл аралык уюмдар колдоо көрсөтүп жатканы расмий кабарланды.

Адистер элди кыдырып, миграция мыйзамдары, адам сатууга каршы туруу жаатындагы кеп-кеңештерди беришет. Негизги басым сексуалдык кулчулукка каршы турууга жасалат. Мындай иш-чара биринчи жолу 2017-жылы жайында өткөн.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда бир жылда жарандардын кулчулукка кабылганына байланышкан 8-10 кылмыш иши катталат. Бирок эл аралык уюмдар элдин баары эле укук коргоо органдарына кайрылбай турганын эске салып, адам сатуунун курмандыктары мындан бир нече эсе көп болушу мүмкүндүгүн белгилешет.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренесине ылайык, адам сатуу менен шугулдангандардын мүлкү конфискацияланып, он жылга чейин камалат.

XS
SM
MD
LG