Косовонун бийлиги Сербиянын президенти Александр Вучичке сербдердин анклавына барууга уруксат бербей койду. 9-сентябрда ондогон адамдар Вучич бара турган Баня кыштагына кетчү жолду тороп алышты.
Косовонун премьер-министри Рамуш Харадинай жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн серб президентине кыштакка барууга мурда берилген уруксат жокко чыгарылганын "Фейсбук" аркылуу кабарлады. Президент Хашим Тачи да өкмөттүн чечимин колдоп, бирок жолдун буулушу менен коштолгон нааразылык акциялары Косово менен Сербиянын элдешүү аракетине жардам бербестигин ишара кылды.
Митингчилер серб президенти Александр Вучичтин кортежи өтө турган Митровица-Баня жолун жеңил жана жүк ташуучу унаалар менен бууп салышкан. Алар "Вучич бул жерден өтпөйт", "Кылмыштар үчүн кечирим сурашың керек" деген сыяктуу баннерлерди көтөрүп турушту. Натыйжада полиция серб президентинин кортежин орто жолдо токтотуп, артка кайтарды.
Вучич Косового 8-сентябрда эки күндүк иш сапары менен келген. Бирок ал Косово президенти Тачи менен кездешүүдөн баш тартып койгон. Серб президенти жекшембиде Митровицадагы серб азчылыктары менен жолуккан эле.
Сербия 1998-1999-жылдардагы согуштан кийин ал кезде автономдук республика деп аталган Косового көзөмөлдү жоготкон. Косово 2008-жылы эгемендигин жарыялап, аны 100дөн ашык өлкө тааныган. Бирок расмий Белград Косовонун көз карандысыздыгын таануудан баш тарткан.