Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

Швецияда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Швециядагы шайлоо
Швециядагы шайлоо

Швецияда бүгүн өтүп жаткан парламенттик шайлоодо иммиграцияга каршы партия мурдагыдан көп добуш алат деп күтүлүүдө. Бул - швед өкмөтү Ооганстан жана Сириядан келген 163 миң мигрантты кабыл алууну чечкенден берки алгачкы шайлоо.

Сурамжылоолор мигранттардын агымын чектөөнү көздөгөн ашкере-оңчул "Швециянын демократтары" партиясы добуштардын 20 пайызга чукулун алаарын көрсөтүп жатат. Натыйжада алар парламенттеги экинчи ири партияга айланмакчы.

Премьер-министр Стефан Лёвендин Социал-демократиялык партиясы добуштардын 20-25 пайызына ээ болот деп күтүлүүдө. Бул өлкөнү узак убакыттан бери башкарып келе жаткан партиянын соңку жүз жылдагы эң төмөнкү көрсөткүчү болуп калмакчы.

Ошентсе да бул шайлоодо бир дагы партия коалициялык көпчүлүктү түзүү үчүн керек болгон 175 депутаттык мандатка ээ болбой турганын сурамжылоолор көрсөтүп жатат.

XS
SM
MD
LG