Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

Каныбек Иманалиевдин "Кыргыздары" эл аралык сыйлыкка татыды


Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин "Кыргыздар" аттуу китеби КМШ мамлекеттеринин "Китеп маданияты" сынагында "Шериктештик" номинациясында биринчи орунду алды.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо 7-сентябрда Москвадагы эл аралык китеп жармаңкесинин алкагында өткөнүн парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Сынакты КМШ уюмунун Мамлекет аралык кеңеши басма багытындагы кызматташуу алкагында уюштурду.

Иманалиевдин "Кыргыздар" китеби англис, немис, орус жана кытай тилдеринде да басылган. Анда кыргыз элинин тарыхы, көп улуттуу Кыргызстандын кооз табияты, жаратылыш байлыктары даңазаланат.

Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясынын депутаты.

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG