Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

HRW Кытайдын уйгурларга карата саясатын сынга алды


Үрүмчүдөгү уйгур мечити. 2014-жылы тартылган сүрөт.
Үрүмчүдөгү уйгур мечити. 2014-жылы тартылган сүрөт.

Кытай өлкөдөгү уйгур азчылыгынын укугун бузган өнөктүктү массалык жана системалык түрдө жүргүзүп жатат. Бул тууралуу “Хьюман Райтс Уотч” уюму жарыялаган жаңы баяндамада айтылды.

Баяндамада Кытайдын өкмөтү Шинжаң аймагында уйгурлардын күндөлүк турмушуна көзөмөлдү күчөтүп, аларды мыйзамсыз камаганы, кыйноого алганы, катаал мамиле жасаганы тууралуу далилдер келтирилген.

“Хьюман Райтс Уотчтун” Кытай боюнча директору Софие Ричардсон белгилегендей, алардын соңку баяндамасы Кытай өкмөтү Шинжаңда "өлкө ондогон жылдардан бери күбө боло элек масштабдагы укук бузууларга барып жатканын" көргөздү.

“Хьюман Райтс Уотч” чет өлкөлүк өкмөттөрдү бир тараптуу жана көп тараптуу чара көрүүгө, анын ичинде жоопкерлерге каршы санкция киргизүүгө чакырды.

“Хьюман Райтс Уотчтун” баяндамасы алдында өткөн аптада Улуттар уюмунун Расалык дискриминацияны жоюу боюнча комитети уйгурлар Кытайда “экстремизмге каршылык көргөзүү” борборлорунда кармалып, миллиондогон адамдар “кайра тарбиялоо” лагерлерине жөнөтүлүп, Кытайдын уйгурлар жашаган аймагы ири “камак лагерине” айланганын билдирген.

Кытай бийлиги өз кезегинде мындай айыптоолорду четке кагып, Шинжаң аймагында “чоң трагедияны” алдын алды деп ырастоодо.

Расмий Бээжиндин көз карашында, Шинжаң аймагы кол салууларды пландаган, ошондой эле уйгурлар менен кытайлар ортосунда чыңалууну күчөткөн исламчыл согушкерлердин олуттуу коркунучуна кабылууда. (UE)

XS
SM
MD
LG