Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин мандатын алуу маселеси Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) карала элек. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов "Азаттыкка" билдирди:
- Мыйзамда жазылган. Парламент депутаты бир сессия ичинде 30 жумушчу күнүн себепсиз калтырып койгон болсо, ошол нерсе ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга негиз болот. Бирок, ким канча күн келбегенин, кайсы жакта жүргөнүн, канча күн себепсиз же себеби менен келбей калганын БШК карабайт. Аны Жогорку Кеңеш чечет. Эгерде парламент ушундай чечим кабыл алган болсо, бизге кат берип, ошонун негизинде гана мандатты алуу маселеси каралат.
Шадиевдин мандатына байланышкан маселени Жогорку Кеңеш жана ал мүчө болгон "Бир Бол" фракциясы да азырынча карай электиги белгилүү болду. Аскарбек Шадиевге байланыштуу жалпы үч кылмыш иши козголгон.
Биринчисинде, Башкы прокуратура быйыл 28-апрелде КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы боюнча кылмыш ишин козгогон.
Мунун алдында Шадиев өлкөдөн чыгып кеткени ачыкка чыккан. Жакындары анын дарыланууга кеткенин, 1-2 жумада кайтып келерин айткан, бирок ал дагы эле келе элек.
УКМК Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кеткенин 1-июнда гана билдирип, кеткен жол картасы тууралуу маалымат тараткан. Ага ылайык, Шадиев Баткендеги Арка айылынын тушунан мамлекеттик чек арадан Тажикстанга мыйзамсыз өтүп, андан соң Нью-Йоркко (АКШ) учуп кеткен.
Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө сыртынан чечим чыгарган.
2-июлда Башкы прокуратура Шадиевге байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренеси ("Кылмыштуу кирешени легалдаштыруу") боюнча иш козголгонун жарыялаган.
25-июнда ага карата 346-берене менен ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") кылмыш иши ачылган. (NT)