Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Азербайжан Никол Пашинянды айыптады


Никол Пашинян Москвада Орусия президенти Владимир Путин менен жолуккан учур. 8-сентябрь, 2018-жыл.
Никол Пашинян Москвада Орусия президенти Владимир Путин менен жолуккан учур. 8-сентябрь, 2018-жыл.

Расмий Баку Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын Тоолуу Карабактын макамы боюнча соңку сөздөрүн сынга алууда.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хикмат Хачиев белгилегендей, Пашиняндын Москвада армян ишкерлери менен жолугушууда айткандары Тоолуу Карабак чатагын жөнгө салуу боюнча эл аралык аракеттерге коркунуч жаратууда.

Пашинян 8-сентябрда Москвадагы жолугушууда Тоолуу Карабакты "Армениянын болочоктогу бир бөлүгү" деп атаган. Буга байланыштуу Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Армения жетекчилигин эки өлкөнүн башкы дипломаттарынын ушул айдын соңунда БУУнун Башкы ассамблеясындагы жолугушуусун утурлай чыңалуу жаратып жатканы үчүн айыптады.

Никол Пашинян Армениянын премьер-министри болуп быйыл майда элдик толкундоолордун натыйжасында келгенден бери азери жана армян лидерлеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү өтө элек.

Азербайжан жана Армения ортосунда Тоолуу Карабак жаңжалы тутанганына чейрек кылымдан ашып калды. 1988-94-жылдар ортосундагы уруштан соң Тоолуу Карабак Азербайжандан бөлүнүп кеткен.

30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттер азырынча майнап чыга элек. (UE)

XS
SM
MD
LG