Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

АКШ Эл аралык Кылмыш сотуна катаал жооп бериши мүмкүн


Эл аралык Кылмыш сотунун Гаагадагы кеңсеси.
Эл аралык Кылмыш сотунун Гаагадагы кеңсеси.

Бул тууралуу “Рейтер” агенттиги АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун бүгүн жасай турган билдирүүсүнүн долбооруна шилтеме жасап кабарлады.

Жон Болтон бүгүн Вашингтондо консервативдүү федералисттердин коомунда сөз сүйлөйт. Анын бул жыйын үчүн даярдалган сөзүнүн долбоорунда эгер “Эл аралык кылмыш соту АКШнын аскер жана чалгын кызматчылары Ооганстанда жасады делген согуш кылмыштары боюнча расмий иликтөө жараянын баштаса Трамптын администрациясы катаал жооп кайтараары" айтылган.

Атап айтканда, Кошмо Штаттар Гаагадагы соттун судьялары менен тергөөчүлөрүнө АКШга кирүүсүнө тыюу салат, алардын америкалык каржылык системадагы каражаттарына санкция салат, өздөрүнүн ишин америкалык соттордо карайт.

“АКШ өз жарандарын жана өнөктөштөрүн бул мыйзамсыз соттун адилетсиз куугунтугунан коргоо үчүн зарыл ыкмалардын баарын колдонот. АКШ Эл аралык кылмыш соту менен кызматташпайт, ага жардам бербейт, ал биз үчүн өлүк”, - деп жазылган Болтондун сөзүнүн долбоорунда.

2002-жылы ошол кездеги президент Жорж Буштун тушунда АКШ Эл аралык кылмыш сотун түзүү жөнүндөгү келишимди ратификациялаган эмес. Соттун милдети - аскерий кылмыш, адамзатка каршы кылмыш жасагандарды, геноцидге баргандарды жоопкерчиликке тартуу. (UE)

XS
SM
MD
LG