Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:01

Иранда Шекспирдин чыгармасын койгон театр кызматкерлери жазаланды


«Жайкы түндөгү түш» — Минскте коюлган спектакль. 3-август, 2018-жыл
«Жайкы түндөгү түш» — Минскте коюлган спектакль. 3-август, 2018-жыл

Иранда Уильям Шекспирдин "Жайкы түндөгү түш" пьесасын даярдаган театрдын эки кызматкери жазаланды. "Associated Press" кабарлагандай, Иран бийлиги спектакль Ислам Республикасынын мыйзамдарына каршы келе турганын билдирүүдө.

Соттун чечими боюнча, коюучу режиссер Марьям Каземи менен менеджер Саид Ассади камакка алынган. Алар жекшембинин кечинде иштеп жаткан учурлары тартылган видео интернетке жайгаштырылгандан кийин кармалышкан. Өлкөнүн Маданият министрлиги билдиргендей, кармалгандар ар бири күрөөгө 24 миң доллардан берген соң коё берилген.

Социалдык түйүндөргө жайгаштырылган видеодо бийлеп жаткан актрисалар менен актерлор тартылган. Иран мыйзамдары мындай көрүнүштөргө тыюу салат.

Шекспирдин махабат баяндарга арналган бул комедиясы театр кызматкерлери кармалганга чейин Иран сахнасында жети күн коюлган.

Иран батыш маданиятын жериген саясатты карманат. Июлда интернетке өзүнүн видеоролигин жайгаштырган секелек колго түшкөн эле. 2014-жылы америкалык ырчы Фэрелла Уильямстын клибине түшкөн алты улан-кызга шарттуу түрдө камак жазасы берилген.

XS
SM
MD
LG