Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Триполиде мунай компаниясына кол салуу болду


Мунай компаниясына кол салуу болгон учур. 10-сентябрь, 2018
Мунай компаниясына кол салуу болгон учур. 10-сентябрь, 2018

Ливиянын баш калаасы - Триполи шаарында куралчан топ Улуттук мунай компаниясынын баш кеңсесине кол салды. 10-сентябрдагы расмий маалыматтарга караганда, эки тараптан экиден адам мерт болду.

Күбөлөрдүн айтымында, кол салуу учурунда атышуудан тышкары жарылуу да болду.

Анын алдында Триполи шаарында Ливиянын шайлоо комиссиясынын кеңсесин бутага алган кол салууда кеминде 11 кишинин өмүрү кыйылган. Жанкечти имаратка кирип барып бомбаны жардырып жибергенин, башка согушкерлер болсо ал жерге өрт койгонун Ливиянын Саламаттык сактоо министрлиги билдирген.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) өткөн жумада Ливия бийлиги куралчан топтор менен тынчтык келишимине жетишкенин билдирген эле. БУУ колдогон Ливия өкмөтү борбор калаа Триполини көзөмөлдөйт. Өлкөнүн башка аймактарында ар кандай куралчан топтор үстөмдүк кылат.

XS
SM
MD
LG