Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

Чыңгыз Айтматов атындагы орден негизделет


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Кыргызстанда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы орден негизделүүдө. Жогорку Кеңешке таандык бул демилгени 10-сентябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети жактырды. Маселе эми жалпы жыйында каралат.

Орден маданият тармагында ийгиликке жеткен, гумандуулук идеяларын жайылтып, сактоо аракетин көргөн кыргызстандыктарга жана чет элдиктерге берилет.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айматов 2008-жылы дүйнөдөн кайткан. Көзү тирүү болгондо ал быйыл 90 жашка чыкмак. Айтматовдун 90 жылдыгы Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде белгиленүүдө.

"Азаттык" окурмандар арасында "Мен билген Айтматов" аттуу сынак жарыялаган. Ага дилбаян, сүрөт жана видео менен катыша аласыз. Толук маалымат бул жерде. (SE)

XS
SM
MD
LG