Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 12-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана тоо кыркаларында мезгил-мезгили жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25,
Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 19...24,
Баткен облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 17...22,
Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 19...24,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9 градус болот.
Бишкек шаарында күндүз бир аз жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн 9…11, күндүз 22…24 градус жылуу болот.