Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:43

Абакта ачкачылык кармаган Сенцов керээз катын жазды


Олег Сенцовго боштондук сураган акция дүйнөнүн көптөгөн шаарларында өтүп жатат. 2018-жыл.
Олег Сенцовго боштондук сураган акция дүйнөнүн көптөгөн шаарларында өтүп жатат. 2018-жыл.

Украин режиссеру Олег Сенцовдун саламаттыгы күндөн күнгө начарлап баратат. Аннексияланган Крымда теракт даярдаган деп орус соту тарабынан 20 жылга кесилген режиссер 121 күндөн бери ачкачылык кармап отурат.

Сенцов бөлөсү Наталья Капланга абактан жазган катында “абалым жаман, эми аба жетпей гипоксия болуп жатам, башым тегеренип, бүт денем, буту-колум сенек болуп жатат” - деп кабарлаган.

Режиссер “бул окуянын оң аяктаарына көзүм жетпей турат, бирок мен багынбайм” – деп керээзин жазган.

Буга чейин адвокат Дмитрий Динзе ачкачылыктан Сенцовдун жүрөк-кан тамыр системасы, бөйрөк, боору жабыркаганын, керебеттен араң туруп жатканын айткан. Адвокаттын кабарлашынча, терапия жүргүзгөн колониянын кызматкерлери аны күнүгө ачкачылыктан баш тартууга көндүрүү аракетин көрүшүүдө.

Сенцов отурган түрмө жайгашкан Ямал-Ненецк автономдуу округунун акыйкатчысы Анатолий Сак 6-сентябрда режиссердун абалы менен таанышып чыккан. “116 күн ачка отурган адам үчүн жакшы эле көрүнөт. Дары сайып жардам берүүгө өзү макулдугун берген” – деп айткан Сак.

2015-жылы Орусиянын соту Сенцовго аннексияланган Крым жарым аралында теракт даярдаган деген айып тагып, 20 жылга кескен. Күнөөсү жоктугун айтып келаткан режиссер 14-майда Орусиянын түрмөлөрүндө отурган бардык украиналык саясий туткундарды бошотуу талабы менен ачкачылык жарыялаган.

Акыркы айларда Сенцовду бошотуу талабы менен 100дөн көп маданият ишмерлери, укук коргоочулар жана Батыш лидерлери чыгышкан.

25-июнда Европа кеңешинин баш катчысы Турбьөрн Ягланд президент Владимир Путинди Сенцовдун айыбын кечирүүгө үндөгөн.

Бирок Сенцов Путинге ырайым сурап кайрылуудан баш тарткан.

Сенцов 14-майдан бери Ямал-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарынын "Ак аюу" деген түрмөсүндө ачкачылык кармап отурат.

XS
SM
MD
LG