Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Орусияда ири аскердик машыгуу башталды


"Восток - 2018" машыгуусуна катышууга тизилген чопкутталган техника, 6-сентябрь, 2018-жыл.
"Восток - 2018" машыгуусуна катышууга тизилген чопкутталган техника, 6-сентябрь, 2018-жыл.

11-сентябрда Ыраакы Чыгышта соңку он жылдагы “Чыгыш 2018” деп аталган ири аскердик машыгуулар башталды. Бул тууралуу кабар Орусиянын Коргоо министрлигинин интернет сайтына жарыяланды.

Бир жумага созулчу машыгууларга танапташ Кытай менен Монголия да кошулган. Жалпысынан 300 миңдей аскер, миңден ашуун учак жана пилотсуз учуучу аппараттар; 36 миңге чукул чопкутталган унаа жана башка техника, 80дей кеме жана жардамчы кемелер тартылат.

"Кансыз согуш", жарыша куралдануу күч кезинде, 37 жыл мурда Советтер Союзу 150 миң жоокерди камтыган машыгуу өткөргөн. Орусия Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, бул жолкусу андан эки эсе масштабдуу жана ошондон бери биринчи ирет өтүп жатат.

Коргоо министрлиги "Чыгыш - 2018" машыгуусунун негизи максаты аскердик күжүрмөн күчтөрдү алыскы аймактарга жиберүүнү пландап, жүзөгө ашырууда аскердик жетекчиликтин даярдыгын текшерүү деп билдирди.

НАТО орустардын машыгуусун "ири масштабдагы жаңжалга даярдык" деп баалады.

11-13-сентябрда Владивостокто Чыгыш экономикалык форуму өтүп, ага президенти Валдимир Путин катышат.

XS
SM
MD
LG