Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Ташкентте президентке кайрылган имам кызматтан алынды


Имам хатиб Фазлиддин Парпиев (сүрөт качан тартылганы белгисиз).
Имам хатиб Фазлиддин Парпиев (сүрөт качан тартылганы белгисиз).

Ташкентте президентке видео кайрылуу жасаган имам-хатиб Фазлиддин Парпиев кызматтан алынды. Коңшу өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгы тараткан билдирүүгө караганда, Парпиев Этика комитетинин чечими менен иштен алынды.

Өткөн аптада жума намаз маалында Ташкенттеги Омин мечитинин имамы, 32 жаштагы Фазлиддин Парпиев эркек мусулмандарга сакал коюуга, аялдарга хижаб кийүүгө тыюу салып жаткан укук коргоо кызматтарын сындаган. Андан мурда президент Шавкат Мирзиеёвге видео кайрылуу жасап, дин эркиндигин сактоого жардам берүүнү өтүнгөн.

Имам өзүнүн иштен алынганы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартып, өзүнө жана атасына басым болуп жатканын белгиледи. Ал Ташкенттеги мечитке имам-хатиб болуп бир ай мурда эле дайындалган.

Адистер белгилегендей, Мирзиёев президент болгон күндөн тартып Өзбекстанда реформаларды баштап, жарандардын дин тутуу эркиндиги, күч органдарынын ишин иретке келтирүү, өлкөнүн либералдашуусуна багытталган иштерди аткарууга убада берген.

XS
SM
MD
LG