Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:25

Пакистанда камалган экс-премьердин аялы көз жумду


Калсум Наваз кызы Мариям менен, 4-май, 2013-жыл.

Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы, ушул тапта камакта отурган Наваз Шарифтин жубайы Лондондо узакка созулган оорудан улам 68 жашында көз жумду. Шарифтин иниси, Пакистандын “Мусулмандар лигасынын” жетекчиси Шахбаз Шариф “менин жеңем - Наваз Шарифтин жубайы арабыздан кетти” деп "Твиттерине" шейшембиде жазды.

Бир күн мурун Калсум Наваздын абалы кескин начарлап, жасалма жол менен дем алдыруу аппараты коюлганын үй-бүлөсү билдирген.

Былтыр августта андан рак илдети аныкталып, Лондондогу жеке клиникада бир нече айдан бери дарыланып жүргөн.

13-июлда Пакистан бийлиги мурдагы өкмөт башчы Шариф менен кызы Мариам Британиядан Лахорго келип конгондо Антикоррупциялык соттун чечиминин негизинде аларды камакка алган.

Бир жыл мурда коррупцияга айыпталып, өкмөт башчылыктан алынган Шариф Лондондо кымбат баалуу батирлерди мыйзамсыз алганы үчүн күнөөлүү деп табылып, өткөн аптада 10 жылга эркинен ажыратылган. Анын кызы Мариям да 2016-жылы ачыкка чыккан "Панама кагаздары" чуусунан улам жети жылга кесилген. Өкүм чыккан маалда экөө тең Британияда жүрүшкөн.

68 жаштагы Наваз Шариф өзүнө жана балдарына коюлган айыптарды четке кагып, "саясий куугунтук" катары баалап жүрөт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG