Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:48

Варшавада тажик делегациясы менен оппозициясынын өкүлдөрү мушташты


Варшавадагы ЕККУнун жыйынына келген тажик оппозициясынын мүчөлөрү, 11-сентябрь, 2018-жыл.
Варшавадагы ЕККУнун жыйынына келген тажик оппозициясынын мүчөлөрү, 11-сентябрь, 2018-жыл.

Варшавада өтүп жаткан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жылдык жыйынында Тажикстандан барган расмий делегация менен оппозициянын тарапкерлери мушташа кетти.

Өкмөттүк делегациянын бир мүчөсү оппозициянын тарапкери Сулаймони Орзуну бетке муштады.

Жабырлануучунун айтмында, ал "Ислам кайра жаралуу" партиясынын мурдагы мүчөсү Аёмиддин Сатторовду "саясий туткундарга эркиндик" деген жазуусу бар баракты карматып сүрөткө тартууга бараткан.

Бирок ошол маалда өкмөттүк делегациянын мүчөсү оппозиционерди бетке муштаган.

Андан кийин эки жаат бир саамга кер-мур айтышканын Тажикстанда тыюу салынган партиянын басма сөз катчысы Бобожон Каюмов "Азаттыктын" тажик кызматынын кабарчысына билдирди.

"Ислам кайра жаралуу" партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири деп саналган Аёмидин Сатторов жакында партиядан чыгып кеткен. Мурдагы оппозиционер Варшавага тажик расмий делегациясынын курамында келген.

Ар жылы өтүүчү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жыйынына ага мүчө мамлекеттердин, өнөктөш өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар, жалпы миңдей адам катышат.

XS
SM
MD
LG