Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 04:12

Ош шаары Кытайдын Ланчжоу калаасы менен кызматташат


Ош шаары Кытайдын Ланчжоу калаасы менен кызматташат. 11-сентябрда Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов Ланчжоу шаарынын мэринин орун басары Ву Сяньфан баштаган делегация менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады.

Сарыбашов билим берүү, саламаттык сактоо, туризм багыттарын колго алып, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жаатта да мындан ары тыгыз кызматташып, түрдүү багытта тажрыйба алмашуу максатында адистерди жөнөтүү туурасында сунуш билдирди.

Ву Сяньфан Кытай тарап Ош шаары менен ар тараптуу кызматташууга кызыкдар экендигин айтты.

Жолугушуунун алкагында эки калаа ортосунда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык багытта кызматташуу боюнча достук келишимге кол коюлду. (MdN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG