Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Орусияда аскерлердин Интернет колдонуусун тескөө сунушталды


Орусияда аскерлерге кызматындагы окуялар, кызматташтары жана өзү тууралуу маалыматтарды Интернетке чыгарууга тыюу салган мыйзам долбоору Мамлекеттик Думага сунушталды. "Аскер кызматкеринин макамы жөнүндө" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, жоокерлерге интернетке фото, видео жана геолокация киргизүүгө да уруксат берилбейт.

"Азаттыктын" орус кызматы тактаган маалыматка ылайык, эреже бузгандар тартип жообуна тартылат, келишим менен иштеп жүргөндөр кызматтан кетирилет.

Буга чейин Сириядагы орус жоокерлеринин аскердик аракеттери тартылган сүрөттөр көз карандысыз иликтөөчүлөрдүн иштерине негиз болуп келгени айтылат. Андан тышкары, Украинанын чыгышында орусиялык аскерлер катышып жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып турат. Орусиянын Коргоо министрлиги муну четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG