Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Тажикстандын аймагында каттоосуз жүрүүнү эки айга узартуу каралууда


Тажикстан менен Кыргызстандын желектери.
Тажикстан менен Кыргызстандын желектери.

Тажикстанга барган кыргызстандыктардын бул өлкөдө каттоосуз жүрүү мөөнөтүн үч күндөн 60 күнгө узартуу маселеси каралууда. Бул эреже Тажикстандан Кыргызстанга келгендерге да тиешелүү болот.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети маселени 11-сентябрда карап, мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттарга юстиция министринин милдетин аткаруучу Максатбек Есеналиев баяндама жасап, бул макулдашуу кыргыз-тажик жарандарына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөй турганын айтты. Макулдашуу эки өлкө парламенттеринде ратификациядан өткөндөн кийин күчүнө кирет. (SE)

XS
SM
MD
LG