"Адилет" укуктук клиникасы тараткан кабарга ылайык, Башкы прокуратура "Вечерний Бишкек" басма үйүн жана "Рубикон" рекламалык фирмасын рейдердик басып алуу боюнча кылмыш ишин козгоду. Басма үйдүн мурдагы ээси Александр Кимдин арызынын негизинде козголгон иш Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 166-беренеси (Алдамчылык) менен каралууда. Иликтөөнү Ички иштер министрлиги жүргүзөт.
Андан тышкары компаниянын азыркы ээси Александр Рябушкиндин мүлкү камакка алынганы айтылууда. 11-сентябрда "Адилет" укуктук клиникасынын сайтына чыккан бул маалыматты расмий тастыктаганга азырынча мүмкүн болгон жок.
"Вечерний Бишкек" басылмасы боюнча иш Александр Кимдин арызына ылайык 14-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралат.
Александр Кимге карата мурда Кылмыш-жаза кодексинин "Коммерциялык мекеменин кызматкеринин ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Буга “Вечерний Бишкектин” азыркы ээси Александр Рябушкиндин арызы негиз болгон.
Быйыл февралда райондук сот Александр Кимди алты жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Жазанын эки жылы сыноо мөөнөтү болуп эсептелет. Ошондой эле сот аны "Рубикон» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Александр Рябушкинге 27 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген болчу. Чечимди шаардык сот да күчүндө калтырган эле.
Рябушкин 2014-жылы сотко арыз жазып, 2005-жылы анын басылмадагы үлүшүн Ким тартып алганын билдирген. Арызы канааттандырылып, “Вечерний Бишкек” толугу менен Александр Рябушкинге өткөн.