Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:29

Депутат Орусиядагы элчиликтин күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн сунуштады


Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Рада Туманбаева Москвада кыргызстандыктар катышкан окуяга байланыштуу ал жактагы дипломатиялык кеңселердин күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүүсүн сунуштады. Мындай пикирин ал парламенттин 12-сентябрдагы жыйынында айтты.

9-сентябрда Москвада теги кыргызстандык жигит башка мекендештерин машине менен тебелетип кетип, бир адамдын өмүрү кыйылган. Депутат бул окуядан кийин Орусиядагы башка кыргыз мигранттарына мамиле өзгөргөнүн, алар юридикалык кеп-кеңештерге муктаж экенин белгиледи. Мындан улам убактылуу күнү-түнү иштөөчү консультациялык кызматтарды ачууну өтүндү.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Орусиядагы кыргыз элчилигинин, консулдуктун кызматкерлери колдон келишинче иш жүргүзүп жатканын, Туманбаеванын сунушу да орундуу экенин билдирди. Министр ошондой эле чет элдеги кыргыз мигранттары да өздөрү иштеген мамлекеттин мыйзамдарын сакташы зарылдыгын кошумчалады.

Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда 600 миңдей кыргызстандык жарандар иштейт. Бейрасмий түрдө алардын саны миллиондон ашык экени айтылат.

XS
SM
MD
LG