Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:02

Эңилчекте кырсыктаган аскердик тик учак боюнча кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы Ысык-Көлдө кырсыкка кабылган тик учак боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 12-сентябрда Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

Сагынбаевдин айтымында, тик учактын эмне себептен өз багытында колдонулбаганы иликтенип жатат. Анын жыйынтыгында күнөөлүүлөр жоопко тартылат.

Маалыматка караганда, бул окуя боюнча дайындалган экспертиза жакын арада даяр болот.

9-июлда Ысык-Көлдүн Түштүк Эңилчек мөнгүсү тарапта “Ми-8 МТВ” үлгүсүндөгү аскердик тик учак кулап түшкөн. Башкы штаб тик учак альпинисттерди куткарыш үчүн барганын билдирген. Кырсык учурунда учакта алты адам болгон, анын төртөө жабыркаган. Курмандыктар болгон эмес.

Тик учактын абалы жана аны ким калыбына келтире турганы боюнча маалымат бериле элек.

XS
SM
MD
LG