Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Түркия Идлиб боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылды


Козголоңчулардын колундагы Идлиб шаарынын 2017-жылы дрондон тартылган сүрөтү.
Козголоңчулардын колундагы Идлиб шаарынын 2017-жылы дрондон тартылган сүрөтү.

Расмий Анкара Идлибде ок атышууну болтурбоо үчүн эл аралык колдоо көрсөтүүгө чакырып, Сириянын бул провинциясына чабуул “ири гуманитардык катастрофага алып барарын” кайрадан эскертти.

Аба соккулар менен чабуулдар “качкындардын массалык толкунун жана Түркия менен Европага эбегейсиз коопсуздук тобокелдигин жаратат”,- деди Коопсуздук кеңешинин 11-сентябрдагы отурумунда Түркиянын БУУдагы элчиси Феридун Синирлиоглы.

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Сириянын Орусия жана Иран колдогон күчтөрү Идлибде ушул айда эле жүздөн ашуун аба соккуларын жасаганын, мындагы жалгыз максат - “аймакты кандуу аскерий жол менен багындырып алуу” экенин белгиледи.

Хейли да эгер чабуул уланса, кесепети “үрөй учурарлык” болорун, дүйнө бул ишке баргандарды “жоопкерчиликке тартарын, Идлибде жакындап калган катастрофаны токтотуп калуу кубаты Орусияда бар экенин" кошумчалады.

Президент Башар Асаддын бийлигин колдогон Орусия менен Иран Идлибге аскерий чабуул “антитеррордук операция, анын жүрүшүндө жарандар боштондукка чыгарылат" деп ырастоодо.

“Биз Идлибде террорчулар жүз миңдеген адамдарды тирүү калканч катары барымтада кармап турушуна жол бере албайбыз”,- деди Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя.

Сириянын түндүк-батышында жайгашкан, Түркияга чектеш Идлиб провинциясы - президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчул күчтөрдүн акыркы маанилүү таянычы. Ал аймакта, БУУнун эсебинде, үч миллиондой адам жашайт, алардын 1,5 миллиону Сириянын башка бөлүктөрүнөн жер которуп келгендер.

Идлибде “Ал-Каидага” байланышы бар “Жабхат ал-Нусра” тобунун 10 миңдей согушкери бар экени да маалымдалууда. (UE)

XS
SM
MD
LG