Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 13-сентябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар жаайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23;
Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28;
Баткенде түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 16...21;
Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте 13-сентябрда жаан-чачын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9...11, күндүз 21...23 градуска чейин жогору болот.