Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Маркум комузчу Руслан Жумабаевге сыйлык берүү каралууда


Руслан Жумабаев.
Руслан Жумабаев.

Узак оорудан улам каза болгон белгилүү комузчу Руслан Жумабаевге мамлекеттик сыйлык берилиши мүмкүн. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов билдирди.

Анын айтымында, наам же сыйлык берүү жагы ал көзү тирүүсүндө эле каралып келген. Былтыр атайын жыйындарда министр бул маселени көтөрүп, айрым себептер менен ишке ашпай калган.

Жумагулов бул демилге быйыл да көтөрүлөрүн айтты.

Комузчу Руслан Жумабаев 10-сентябрда Бишкек шаарында ооруканада кайтыш болду. Маркум 45 жашта болчу. Сөөгү 12-сентябрда кичи мекени Нарын шаарына коюлду.

Жумабаев залкарлардын классикалык күүлөрүн чертүү менен катар комуз музыкасын жаңы мазмун, жаңы ыргактар менен байыткан ондогон күүлөрдү чыгарган. Алардын ичинен "Карылардын насыят", "Каракөө", "Ботаалынын Бозжорго" жана элдик ансамбль, оркестрлер үчүн жазган "Эркесары", "Ахалтеке", "Ак куу", "Булбул сайрак" аттуу күүлөрү угармандарга белгилүү. (ZA)

XS
SM
MD
LG