Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Орусиядан капиталдын сыртка кетиши үч эсе өстү


Москвадагы акча алмашуучу жайдын электрондук таблосу. 10-сентябрь, 2018-жыл.
Москвадагы акча алмашуучу жайдын электрондук таблосу. 10-сентябрь, 2018-жыл.

Бул тууралуу 12-сентябрда Орусиянын Борбордук банкына шилтеме жасап, РБК агенттиги кабарлады.

Агенттик келтирген маалыматтарга караганда, 2018-жылдын январь-август айында Орусиядан жеке сектор сыртка чыгарып кеткен акчанын көлөмү 26,5 миллиард долларга жетти, былтыр сегиз айда бул көрсөткүч 9,6 миллиард долларды гана түзгөн.

Муну менен быйылкы жылдын алгачкы сегиз айында Орусиядан жеке сектор чыгарып кеткен капиталдын көлөмү 2017-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 2,7 эсе көп болду.

РБК белгилегендей, Орусиянын Борбордук банкы жыл башында өлкөдөн кете турган капиталдын көлөмүн 19 миллиард деп болжолдогон, бирок санкциялардан улам бул көрсөткүчтү 30 миллиардга чыгарды.

Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги да Орусиядан быйыл сыртка чыгарылып кете турган акчанын көлөмү боюнча божомолун 18 миллиард доллардан 41 миллиардга көтөргөн.

Акыркы күндөрү Орусияда рубль да нарксызданууда. 12-сентябрдагы соодада бир АКШ доллары 69,70 рублге бааланды. Апта башында доллар курсу 70 рублден ашып өткөн. (UE)

XS
SM
MD
LG