Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Кыргызстанда 43 адам террорчулук боюнча жазасын өтөп жатат


Терроризмге каршы Ош облусунда өткөн акциялардын биринен тартылган сүрөт. 17-ноябрь, 2015-жыл.
Терроризмге каршы Ош облусунда өткөн акциялардын биринен тартылган сүрөт. 17-ноябрь, 2015-жыл.

Кыргызстанда 43 адам террорчулук боюнча жазасын өтөп жатат. Мындай маалыматты 12-сентябрда Жогорку Кеңештин сессиясында Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү айтты. Кабарга караганда, террорчулук жана экстремизмге шектелип кармалган 36 чет элдик Кыргызстандын аймагынан чыгарылган.

Ал эми акыркы жылдарда Интернет аркылуу экстремисттик маалыматтарды тараткан 16 веб-сайт жабылды. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, экстремисттик маалымат тараткандар үч жылдан беш жылга чейин абакка кесилет.

Парламентте 12-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жиберилди.

XS
SM
MD
LG