Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 14:51

Тыштан көчүп келген он төрт кыргыз паспортун алды


Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын Оштогу өкүлчүлүгү 12-сентябрда 14 кыргызга Кыргызстандын паспортун берди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абал актыларын каттоо департаментинин жетекчиси Мухабат Пратованын айтымында, Ош облусунда дагы жарандыгы жок жетимиш кыргыз бар:

- 2014-жылдан тартып он үч миңге жакын адамдын арызын кабыл алып, алардын 90 пайыздан ашыгына паспорт бердик. Эми дагы жетимиш адамдын документтерин даярдап, президентке жиберүүнүн алдында турабыз. Калгандары алышты. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жарандыгы жок адамдар көп. Буга мурда Өзбекстандын чек арасы жабык болгону себеп болгон. Алардын басымдуу бөлүгү өзбекстандык келиндер.

Пратованын айтымында, мурунку убакта Өзбекстандын тиешелүү органдарына жиберилген өтүнүчкө жооп эки-үч жыл аралыгында келсе, азыр эки-үч айда келип жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков 3000 адамга жарандык берүү тууралуу жарлыкка быйыл, 30-июлда кол койгон. (MdN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG