Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Жарандык авиация департаментинин иши сынга алынды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бүгүн, 13-сентябрдагы сессияда Жарандык авиация депаратментинин ишин сындады. Эл өкүлү Кыргызстандагы ички каттамдардын сапаты начар болуп жатканын белгилеп, авиация коопсуздугуна көңүл бурууга чакырды. Ал авиапарк жаңырбай, учактар жерине жетпей кайтып жатканын, жарандардын учуу коопсуздугу сакталбай жатканын айтты.

Августтун башындаОш-Анталия багытында бараткан учак техникалык себептен улам Бишкекке конууга мажбур болгон. Мындан сырткары "Авиатрафик" компаниясына таандык учак 29-июлда 89 жүргүнчү менен абага көтөрүлүп, кайра конгон.

Быйыл 1-мартта да "Тез жет" авиакомпаниясынын Бишкек-Баткен каттамында бараткан учагынын бир кыймылдаткычы күйүп кеткен. Жарым жолдон артка кайтып, "Манас" эл аралык аэропортуна конгон учакта 96 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон. Эч ким жабыркаган эмес.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 36 учак бар. Анын жарымы жараксыз. Төрт компания - "Авиатрафик", "Эйр Манас", "Тез жет" жана "Эйр Кыргызстан" жүргүнчү ташыйт. Алар “Эйрбас”, “Боинг”, “Аврожет” учактарын колдонушат. Мамлекеттик “Air KG” компаниясы "ТУ-154" учагы менен президентке кызмат кылат. “Sky KG” компаниясынын туристтик жана экскурсиялык каттамдарга чыккан үчүн эки чакан учагы бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG