Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:54

Момбеков: өкмөт Бельяниновго жооп бериши керек болчу


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Евразия өнүктүрүү банкынын башчысы Андрей Бельяниновдун кыргыз өкмөтүнө карата айткан сынына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү жооп бериш керек болчу. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

Казакстандын Алматы шаарында 6-сентябрда Евразиялык маалымат каражаттарынын конгрессинде Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов банктын Кыргызстандагы ишмердиги тууралуу суроого жооп берип жатып, "сунушталган долбоор болбогондуктан насыялоо да болгон жок" деп жооп кайтарган.

Андрей Бельянинов Кыргызстанда ишкердиктин көзү менен караганда эч ким менен сүйлөшүүгө мүмкүн эместигин, аткаминерлер тез алмашып тургандыктан, аларга "ликбез" (сабатын ачып) өтүүгө аргасыз болуп жатканын айткан.

Кыргызстандын Каржы министрлиги инвестицияга кепилдик бере албаганын билдирген Бельянинов жагдайды белгилүү жөөт анекдоту менен салыштырып, жардам сураган адамга Кудайдын "жок дегенде лотерея билетин сатып алып койчу" дегенин мисал келтирген.

Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев инвестициялык долбоорлор даярдалып, ар кайсы каржы уюмдарына сунушталган учурлар болгонун белгилеген. Буга расмий жооп болоору айтылган. Бирок ал коомчулукка чыккан жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG