Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:12

Евробиримдик орусиялыктарга каршы санкцияларын жарым жылга узартты


Брюсселдеги Европарламенттин алды, 12-июль, 2017-жыл.
Брюсселдеги Европарламенттин алды, 12-июль, 2017-жыл.

Европа Биримдиги Донбасстагы жикчилдерди колдогон бир катар орус жарандарына киргизилген санкцияларды жарым жылга узартты. Бул тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Рикард Йозвяк билдирди.

Европалыктардын «кара тизмесине» 155 киши жана 44 компания киргизилген. Алардын баары Крымдын аннексияланышы же Украинанын чыгышындагы жаңжалга тиешеси бар деп эсептелет. Тизмеге киргендерге Европа Биримдигинин аймагына кирип-чыгууга тыюу салынып, банк эсептери камакка алынат.

Евробиримдик Орусияга жана жеке орус жарандарына каршы экономикалык чектөөлөрдү киргизген. Ошондой эле Крымдын өзүнө дагы чектөөлөр бар.

Андан тышкары европалыктарга аннексияланган жарым аралга инвестиция салууга, кыймылсыз мүлк сатып алууга жана түрдүү товар ташууга тыюу салынат.

Июнь айында Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте Орусияга киргизилген санкцияларды автоматтык түрдө узартууга каршы чыккан. 30-июлда Дональд Трамп менен жолукканда Конте Москвага каршы чектөөлөрдү «акылга сыйгыс» деп баалаган.

XS
SM
MD
LG