Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:04

Баткен: чек арадагы тирешүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат


Баткен.
Баткен.

Кыргыз-тажик чек арасында тургундардын тирешүүсү боюнча Баткен жана Исфара райондорунун акимдери жолугуп сүйлөшүүдө.

Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирди. Жергиликтүү тургундардын айтымында, 12-сентябрда тажик тарап Кыргызстандын аймагынан уруксаты жок түтүк аркылуу таза суу алып өтүүгө аракет кылган.

Жергиликтүү тургундар ортосунда буга байланыштуу тирешүү орун алган. Бул маселеге байланыштуу эки облустун губернаторлорунун жолугушуусу да күтүлүп жатат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева окуя болгонун ырастап, аймактагы тартип көзөмөлгө алынганын “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка караганда, маселе Көк-Таш, Ак-Сай аймагындагы жерге байланыштуу чыккан.

Жергиликтүү бийлик жолугушуудан соң расмий маалымат берилерин билдирди. (КЕ/JsA)

XS
SM
MD
LG