Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:00

Cолсбери: Эки орус жараны Англияга турист болуп барышканын айтышты


Руслан Боширов (солдо) жана Александр Петров (оңдо). (Сүрөт RT телеканалынын видеосунан алынды)
Руслан Боширов (солдо) жана Александр Петров (оңдо). (Сүрөт RT телеканалынын видеосунан алынды)

Британ бийлиги “Александр Петров” жана “Руслан Боширов” деп аныктап, мурдагы орус тыңчысын кызы менен ууландырууга айыптаган эки орус жараны Russia Today телеканалына интервью берди. Видео маек 13-сентябрда жарыяланды.

Алардын бири “биздин досторубуз көптөн бери эле бул кооз шаарды көргүлө деп айтып жүрүшкөн” деп, Солсбериге барган себебин түшүндүрдү.

Эмне себептен бул шаарга эки жолу барышканын 3-мартта шаарда “кар калың” болгондуктан, эртеси аба ырайы оңолгондо кайра барышканын айтышты.

Алар Солсбериде жүргөндө кокусунан Сергей Скрипалдын үйүнө дагы барышканын, бирок ал кайда экенин билбей турушканын айтышты. “Балким биз ал үйгө барсак баргандырбыз, бирок анын кайда экенин билбейбиз” – дешти. Алар ошондой эле Солсбериде бир саатка жетпеген убакыт жүрүшкөнүн кошумчалашты.

Маекти уюштурган телеканалдын башкы редактору Маргарита Симоньян Петров менен Боширов өздөрү телефон чалып, байланышка чыгышканын жазды.

Шаршембиде президент Владимир Путин Боширов менен Петров ким экендиги билингенин жана алардын атайын кызматтарга тиешеси жоктугун, эки жарандын аракетинен эч кандай кылмыш көрбөгөнүн айткан.

XS
SM
MD
LG