Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Жергиликтүү бийликтерде активисттердин ролун күчөтүү сунушталууда


Баткендеги жергиликтүү бийликтеги жыйындардын бири.
Баткендеги жергиликтүү бийликтеги жыйындардын бири.

Кыргызстандын жергиликтүү бийликтеринде жарандык активисттердин ролун күчөтүү сунушталууда. Адам укуктары боюнча кеңеш уюму "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдын өзгөртүү киргизилген долбоорун 14-сентябрда Бишкекте коомдук талкууга алып чыгууда.

Аталган мыйзам долбоорунда жарандык активисттердин жергиликтүү бийлик менен алака-катышын бекемдөө, коомдук пикирдин таасирин арттыруу, зарыл учурда жергиликтүү бийлик менен чогуу, мыйзамдуу чечимдерди кабыл алуу пункттары киргизилди.

Адам укуктары боюнча кеңеш уюмунун төрайымы Гүлжамал Султаналиева билдиргендей, соңку учурда айылдык кеңештердин айрымдарында көйгөй болуп келаткан депутаттар менен айыл өкмөт башчынын ортосундагы тирешүүлөрдү жоюуда да мыйзам долбоордун пайдасы тиет.

-Биз долбоорду өкмөттүн, парламенттин өкүлдөрү менен, башка органдар менен талкууладык. Эгер депутаттар бүгүнкү коомдук угуудан соң мыйзамды кабыл алууга даяр экенин билдиришсе Жогорку Кеңешке сунуштайбыз. Болбосо өкмөткө өткөрүп беребиз.

Султаналиеванын айтымында, Кыргызстанда "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам акыркы жолу 2011-жылы өзгөртүлгөн.

XS
SM
MD
LG