Европа биримдигинин соту Орусиянын энергетика компанияларына жана банктарына каршы санкцияларды күчүндө калтырды. Иш 13-сентябрда каралды.
Санкциялар 2014-жылы Крымдын аннексияланышы жана Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылыштардан соң киргизилген болчу. Арасында ири компаниялар - "Роснефть", "Газпромнефть", "Проминвестбанк", "Сбербанк" жана "Внешэкономбанк" бар. Алар Европа Кеңешинин чечимин жокко чыгарууну сурап Европа биримдигинин сотуна кайрылган.
Украинанын чыгыш тарабында төрт жылдан бери уланып жаткан согушта курман болгондордун саны 10 500гө чамалады. Батыш ага Орусиянын тиешеси бар экенин белгилеп келүүдө. Кремль муну четке кагат.
Москвага каршы санкциялар орус өкмөтүнө караштуу компания жана банктардын Европанын базарына чыгуусуна, каржылык трансакцияларды жүргүзүүгө, айрым технологияларды колдонууга тыюу салат.